Депутаттар мамдокументти мамлекеттик басмаканада басып чыгарууну сунушташууда

  17.05.13   10:59
 286

"Мамлекеттик деңгээлдеги документтер жеке компаниялар тарабынын чыгарылбашы керек". Мындай пикирин бүгүн КСДП фракциясынын жыйынында депутат Жусупали Исаев билдириди.

Анын айтымында, мындай документтерди даярдоо үчүн мамлекет каржылоо табуу керек.

"Менин сунушумду палата колдойт. Мамлекеттик документтерди жеке компаниярга даярдатпастан өзүбүз чыгаруубуз керек. Бул мамлекеттин маалыматтык коопсуздугу үчүн маанилүү", - деди Исаев.

Өз кезегинде Мамекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Сайдахмат Исмаилов, Кыргызстанда 157 мамлекеттик деңгээлдеги документтер жеке компаниялар тарабынан даярдалып, 80и гана мамлекеттик басмаканалардан чыгарыла тургандыгын айтты.

"Бардыгын бир басмаканадан чыгаруу максатка ылайыктуу. Бирок жабдыктары эски болгондуктан "Учкун" басмаканасы 20%ы гана камсыздай алат", - деп кошумчалады ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224122

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.