Бажы кызматы Япониядан келген, радиациялык фону 6 эсе жогору унааны кармады

  17.05.13   12:43
 304

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан бажычылар япон автунаасы менен алып келген контейнердин радиациялык фону нормадан жогору жогору экендигин аныкташты. Бул тууралуу 16-майда журналисттерге "Северная" темир жол станциясынын башкаруу органынын бөлүм башчысы Эркин Эргешов билдирди.

"Кечээ чек арадан жүктөрдү текшерүүгө алуу учурунда прибор алардын бирининде радиациянын деңгээлди нормадан жогору экендигин аныктады. Контейнерди ачуу ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлдү", - деди ал.

Өз кезегинде Мамлекеттик санитардык- эпидемиялык көзөмөл борборунун дарыгери Нарынбек Казыбаев, текшерүүнүн жыйынтыгында ал машинанын радиациялык фону нормадан 6 эсеге жогорулап кеткендиги аныкталгандыгын айтты.

Автоунаанын ээси Данияр Багышев машинаны Японииядан сатып алып, Кытай - Казакстан – Кыргызстан чек арасы аркылуу алып өткөндүгүн, чек арадан бир дагы пирбор радиациялык фонунун жогору экендигин көргөзбөгөндүгүн маалымдады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224123

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.