Ала-Тоо аянтында салттуу элдик музыканын күнү белгиленди

  17.05.13   12:43
 336

Кечээ, 16-майда, Ала-Тоо аянтында салттуу элдик музыканын күнү белгиленди. Иш-чарага күбө болуу үчүн аянтка жүздөгөн адамдар чогулушту. Улуттук кийим менен "Ак Марал", "Камбаркан", "Жаш-Кыял" ансамблдери улуу комузчулардын чыгармаларын аткарышты.

Элди майрамы менен куттуктоо үчүн Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова, Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев, эмгек сиңирген ишмер Садык Шер-Нияз жана депутат Жыргалбек Саматовдор келишти.

Иш-чаранын программасына ылайык, 200 комузчу, манасчылар, элдик ырларды аткаруучулар өз таланттарын көрсөтүштү жана элдик көркөм буюмдардын көргөзмөсү болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224125

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.