Ватикандагы элчи Болот Отунбаев Рим папасына ишеним грамотасын тапшырды

  17.05.13   11:52
 337

Кечээ, 16-майда, Кыргыз Республикасынын Германиядагы жана Ыйык Престолдогу биргелешкен атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Болот Отунбаев Рим папасы Франциске ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы кабарлайт.

Мындан тышкары элчинин Ватикандын премьер-министрдин рангындагы мамлекеттик катчысы, кардинал Тарчизио Бертоне, тышкы иштер министринин рангындагы Ватикандын мамлекет катчысы, архиепископ Доминик Мамберти жана Ватикандын протокол кызматынын жетекчиси Х. А. Бетенкур менен жолугушуусу болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тарап кыргыз-ватикан мамилелеринин абалы жана келечеги тууралуу талкуулашты.

Белгилей кетсек, Ватикан - Ыйык Престол тарабынан башкарылган абсолюттук теократиялык монархия, Папа Франциск ушул жылдын 13-мартында шайланган. Ватикан учурда дүйнөнүн 15 эл аралык уюму менен жана 173 өлкөсү менен дипломатиялык алака-катыш түзгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224129

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.