Чоң-Алай районундагы митинг жыйынтыкталды

  17.05.13   11:54
 382

Ош облусунун Чоң-Алай районунда уюштурулган митинг жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17 –майда, "ВБ"га Ош облустук ИИБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында Чоң-Алай районундагы алтын кен өндүрүүчү "Кайди" компаниясынын ишмердигин токтотуу тууралуу токтом кабыл алынды.

"Каршылык акциясы учурунда Чоң-Алай районуна Ош облусунун ИИБнан кошумча тартип сакчылары жөнөтүлгөн. Учурда 150 милиция кайра кайтып келди", - деп билдиришти.

Эскерте кетсек, кечээ Ош облусунун Чоң-Алай районунун 200гө жакын тургуну алтын кен өндүрүүчү "Кайди" компаниясынын ишмердигин токтотуу жана сабалган акимди кызматтан кетирүү талаптары менен митингге чыгышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224130

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.