Оторбаевге парламентте өкмөттү сындагандары жакты

  17.05.13   12:15
 271

"Азыр парламентте өкмөттүн дарегине карата айтылып жаткан сын - бул жакшы демократиялык процесс",- деп билдирди бүгүн, 17-майда, Бишкекте болгон басма сөз жыйынынын маалында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев.

Анын айтымында, ушул аптада өкмөт 2012-жылдын иши үчүн парламенттин алдында отчет берүүнү баштады. "Биз көпчүлүк комитеттер менен комиссиялардан өттүк, келерки аптада фракциялар менен пленардык жыйында отчет беребиз дейт", - вице-премьер.

Оторбаев ошондой эле өткөн жылдагы экономиканын тескери өсүшүнө Кумтөр кенинде болгон жагдай себепчи болгонун айтты. "Кумтөрдү" кошпогондо экономиканын өсүшү 5 пайызды түздү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224131

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.