Кыргызстан "Centerra"нын директоруна талапкерге аргасыз макул болду

  17.05.13   13:35
 315

Кыргызстан республикага 33 пайыз акциясы таандык болгон Канаданын "Centerra Gold Inc" алтын казып алуучу компаниясына Брюс Уолтердин директорлук кызматка талапкерлигине макулдук берүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда, Бишкекте биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, акционерлердин жылдык жыйынында "Кыргызалтындын" позициясы так жана кылдат таразаланган позиция болду.

""Кыргызалтындын" вице-президенти акционерлерге Кыргызстанда болуп жаткан процесстер тууралуу айтып берди. Бул көрүнүштөрдү Канаданын ЖМКлары, айрыкча Bloomberg басылмасы оң баалады. Бирок Кыргызстан көзөмөлдөөчү акциялар пакетине эмес, үчтөн бирине гана ээ болгондуктан, республика бул чечим менен макул болууга аргасыз болду",- дейт Оторбаев.

Эскерте кетсек, 10-майда Торонто шаарында Centerra Gold компаниясынын жылдык жыйыны өттү жана ага "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Амангелди Муралиев, башкаруу төрагасы Дилгер Жапаров, башкаруу төрагасынын экономика жана каржы боюнча орун басары Кылычбек Шакиров катышты.

Жыйында "Кыргызалтындын" өкүлдөрү 33 пайыз акциянын ээси катары Centerra нын директорлор кеңешинин мүчөсүнө жана тышкы аудит катары Брюс Уолтердин дайындалышына каршы добуш берген. Башка акционерлер Кыргызстанды колдобой, Брюс Уолтердин позициясын жактап чыгышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224135

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.