"Роснефть" Кыргызстандын өкмөтү менен иштин так багыттарын талкуулайт

  17.05.13   13:58
 288

Кыргызстандын өкмөтү менен "Роснефть" ачык акционердик коому республикада келечекте аткарыла турган так багыттарды талкуулап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда, Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, "Роснефть" Кыргызстан менен иштешүү каалоосун өзүнө алган, кыязы кайра иштетиш үчүн чийки мунай жеткириши ыктымал, ошондой эле дагы башка инвестициялык долбоорлорго катышмакчы.

Оторбаев "Роснефть" Россиянын ири компаниясы экенин белгиледи жана Кыргызстан үчүн мындай инвесторлор менен иштешүү маанилүү экенин айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224138

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.