Дем алыш күндөрү Бишкектин айрым райондорунда, Кеминдин көчөлөрүндө жарык өчөт

  17.05.13   14:06
 290

Эртең, 18-майда, Бишкекте 9-00дөн 17-00гө чейин Аскерлер шаарчасында, Волкова көчөлөрүнүн барчаларында, Кемин шаарынын Советская, Панфилов, Каракольская, Калинин, Чкалов, Пролетарская көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти.

Ошодой эле жекшемби, 19-майда саат 9-00дөн 17-00гө чейин борбордогу "Достук" кичи районунда электр жарыгы жок болот.

Ал эми 20-майда 9-00дөн 17-00гө чейин Кемин районундагы Кемин шаарынын (Западная, Комсомольская көчөлөрүндө), Шабдан айылындагы (Титов көчөсүндө),Чым Коргон айылынын (Орозалиев көчөсүндө), Ак-Түз кыштагындагы (Горная көчөсүндө) электр жарыгы өчүрүлөт.

Убактылуу электр энергиянын өчүрүү трансформатордук көмөкчордондорду техникалык тейлөөдөн өткөрүп, "Кашкелең", көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр берүү чубалгыларынын зымдарын тарттырып, бүлүнгөн изоляторлорду алмаштырып, өсүп кеткен бак-бутактарды тазалоо иштерине байланыштуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224140

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.