Өкмөт ТЖБдан түшө турган кирешенин ордун толтурууну караштырып жатат

  17.05.13   14:07
 264

Өкмөт "Манас" аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борборунун (ТЖБ) жабылышы менен жумушчу орундардын жана бюджетке түшөт турган каражаттардын жоюлушун эмне менен алмаштыруу керек деп изденип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда, Бишкекте биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, жүк ташуу жана контингент азыртадан эле азая баштады. Буга байланыштуу өкмөт "Манас " аэропортун аймактар аралык авиа хаб кылып кайра түзүүнүн үстүндө активдүү иштеп жаткан чагы.

Оторбаев билдиргендей, өткөн жылы Кыргызстанда жаңы 14 аба каттамы ачылган. Быйыл дагы көп каттам ачуу пландалып жатат.

"Кыргызстан абдан жогорку деңгээлдеги авиакомпаниялар уча турган жай болуп калды. Биз транзиттик өлкө болуп бара жатабыз",- деп белгиледи ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224141

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.