Максим Бакиев Бишкекте өткөн дагы бир митингтин себепкери болду

  17.05.13   14:57
 374

Бүгүн, 17-майда, "АКШнын аскерлерин Кыргызстандан чыгаруу үчүн" жарандардын демилге тобу АКШнын Кыргызстандагы элчилигин алдына митингге чыгышты. Аларга "Жон эле" жаштар кыймылы жана "Жашылдар" партиясы дагы кошулду.

Митингчилер плакаттарга "Америка Бакиевдердин кланын коргоп жатат", "Мекенин сатып, АКШнын сот адилеттигин сатып алды", "Америкалык көп вектордук" деген жазууларды жазып алышкан.

"Кыргыстандагы АКШнын жүк ташуучу борборунун мөөнөтүн узартуу үчүн соодалашуу акылга сыйбайт. Биз мекенибиздин кызыкчылыгын Максима Бакиев деген саясий өлүккө алмаштырбайбыз", - деп билдиришти акциянын катышуучулары.

Алардын айтымында, бүгүнкү пикеттин эң негизги максаты- АКШнын саясатынын эки стандарттуулугуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу. Митингге чыккандар Максим Бакиевге карата кылмыш ишинин токтоткондугун ага мисал катары келтирип өтүштү.

Акцияга 30га жакын адам катышты.

Эскерте кетсек, буга чейин дагы АКШнын Кыргызстандагы элчилигин алдына Максим Бакевге карата кылмыш ишинин токтотулушуна каршы болгондор митингге чыгышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224144

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.