Германиянын элчиси "Алтын конуш" көргөзмөсүн өткөрүү идеясын колдоду

  17.05.13   14:49
 291

Кечээ, 16-майда, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев Германиянын элчиси Гудрун Марией Срэга жана Алматадагы Гёте атындагы институттун директору Френкель Тонет менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар кыргыз-герман мамилелеринин маданият жана туризм жаатындагы өнүгүшү жана жакшырышы тууралуу сөз кылышты.

Элчи Германиянын музейлеринин бирине "Алтын конуш" көргөзмөсүн уюштуруу сунушун колдоду.

Мындан тышкары Тонет Германиядагы КРнын элчилиги менен биргеликте жыл сайын ар түрдүү джаз-музыка, кино, театр фестивалдары өткөрүлүп турарын билдирди. Ал ошондой кыргыз фильмдери Германияда абдан таанымал экендигин жана чоң суроо-талапка ээ экендигин белгилеп өттү. Мындан тышкары туризм тармагындагы мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224145

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.