Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн эң мыкты он күрөшчүсүн катарын толуктады

  17.05.13   14:50
 356

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова аялдар арсында дүйнөнүн эң мыкты он күрөшчүсүн катарын толуктады. Бул тууралуу Эл аралык күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 59 кг салмагындагы аял балбандар арасынан Тыныбекова 7-орунда турат.

Рейтингди аныктоодо спортчулардын FILAнын жыл наамасына кирген континенттик чемпионаттарда, дүйнө чемпиондугунда, эл аралык турнирлерде жетишкен ийгиликтери эске алынган.

Тыныбековадан башка аялдар арасында эң мыкты он күрөшчүнүн катарына кыргызстандык Мехринисо Нурматова дагы кирди. Ал 8-орунду ээлген.

Эскерте кетсек, быйыл Индияда өткөн Азия чемпионатында Тыныбекова менен Нурматова коло медалын багындырышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224146

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.