Президент мекендештерибизди Энелер күнү менен куттуктады

  17.05.13   15:01
 492

Бүгүн, 17-майда, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу перзиденттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

"Урматтуу мекендештер!

19-майда Кыргызстан эли Энелер күнүн белгилейт. Бул майрам өткөн жылдан тартып белгилене баштаганына карабастан, кыргызстандыктар үчүн эң жагымдуу майрамдардын бирине айланды. Эне күнү ар бир адамга апаларды кадырлоо жана эненин балдарына карата ыйык сезимдерин эске салып турат.

Эне деген – керемет сөз. Бул сөз бардык тилде бирдей назик айтылат. Энелердин мээрими адамды жарык дүйнөгө келгенден тартып колдоп жүрөт. Жашоодо алгачкы кадамды жасоого жөлөк болот. Турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Кээде биз энелерибизди капа кылсак да, алар эч качан биздин көңүлүбүздү калтырбайт. Эненин жүрөгү эң боорукер, айкөл жана кечиримдүү. Адам баласы өмүр бою эненин жылуу сөзүнө, колдоосуна жана кубаттоосуна муктаж.

Кыргыз Республикасынын жалпы элинин атынан энелерди, бардык аялзатты жаркын майрамы менен куттуктайм.

Урматтуу кыргызстандыктар! Кымбаттуу мекендештерим!

Ушул күнү ар бирибиз өз энелерибизди эстейбиз. Бул майрам – энелерибизге ыраазычылык билдирүүгө өбөлгө болсун.

Энелерибизге телефон чалып, үйүнө барып куттуктап, небере-чөбөрөлөрүн жыттатып, кубаныч тартуулоого жакшы себеп болсун.

Өтүп кеткендердин жаркын элесин эстейли... Далай оорчулукту баштан кечирип, бизге тартуулаган жашоо үчүн ыраазычылык билдирели. Ар бирибиз кетирген катачылыкты моюнга алып, апаларыбыздан кечирим сурайлы...

Аялзаттын, өзгөчө энелердин түйшүгү дайыма көп. Жаңы Кыргызстанды куруп жатып, биз биринчи кезекте энелердин саламаттыгы жана бакубаттыгы жөнүндө кам көрүүгө милдеттүүбүз. Жыл өткөн сайын өлкөбүздө турмуш шарттары жакшырууга тийиш. Энелерге кам көрүлүп, бактылуу балалык камсыздалып, ар бир үй-бүлөдө ынтымак, биримдик уяласын.

Кымбаттуу апалар жана энелер!

Ар дайым балдарыңардын ийгиликтерине ортоктош болгула, неберелер эрмек болуп, көңүлүңөрдү көтөрүп турсун! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөдөгү ынтымак жана бардык жакшылыктарды каалайм!

Кыргызстаныбызда тынчтык жана туруктуулук болсун!",- деп жазылат куттуктоодо.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224147

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.