Бишкек ишкер клубу технопарктар жөнүндө мыйзам долбооруна сунуш киргизди

  17.05.13   15:16
 317

Кечээ, 16-майда, Бишкек ишкер клубу (БИК) Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы технологиялык парктарды калыптандыруу жана өнүктүрүүдөгү мамлекеттик колдоонун чаралар жөнүндө" мыйзам долбооруна комментарий билдирди.

БИКтин басма сөз кызматы кабарлагандай "бул сыяктуу нормативдик актынын зарылдыгы эбак эле бышып жетилген". " Заманбап дүйнөдөгү технологиялык процесстер өндүрүштүн экономикалык жактан пайдалуу жана натыйжалуу моделдерин иштеп чыгууда. КРдин аймагында пайда болгон коомдук мамиле инновациялык продуктуларды түзүү жана өндүрүүнүн жаңы формаларын колдоо укугун жана аларды укуктук талаага алып келүү жагын талап кылууда",- деп айтылат кабарда.

БИК мыйзам долбоорун изилдеп чыгып документтин бир катар алсыз жактары бар экенин, авторлор кайрадан иштеп чыгышы керектигин эскертти. БИК 20 пункт боюнча өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224149

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.