Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда өзгөчө кырдаалдар борбору түзүлөт

  17.05.13   15:24
 259

Бүгүн,17- майда, Алматыда Кыргызстандын жана Казакстандын өкмөттөрү ортосунда өзгөчө кырдаалдарды жана коркунучтарды жоюу боюнча борбор ачуу үчүн макулдашууга кол коюлат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, макулдашууга кол коюу иш-чарасына өзгөзчө кырдаалар министри Кубатбек Боронов катышат.

Борборду ачуунун негизги максаты - ар кандай өзгөчө кырдаалдар жаралып, коркунучу пайда болгон учурда эки мамалекеттин ыкчам маалымат алмашуусуна шарт түзүү.

Ошондой эле мындай борбор коркунучтарды жок кылуу үчүн инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк түзөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224150

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.