АКШнын элчиси авиа кырсыкты изилдөөгө байланыштуу премьерге ыраазычылык айтты

  17.05.13   15:25
 296

Бүгүн, 17-майда, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүк аппаратын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Жолугушууда тараптар азыркы соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүшүн, айыл чарба жана туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду мындан аркы ишке ашыруу жактарын талкуулашты.

Элчи АКШнын өкмөтүнүн атынан 2013-жылы 3-майда Чүй областындагы Чалдыбар кыштагынын аймагында болгон авиациялык окуяны изилдөө боюнча өкмөттүк комиссияны түзүп жана ыкчам кылынган аракеттер үчүн ыраазычылык билдирип өттү.

Спратлен биргелешкен күч-аракеттер менен авиациялык окуянын себептери аныктала турганына ишенерин айтты.

Ал ошондой эле өкмөт башчыга Кыргызстанга бериле турган АКШнын жардамы улантыларын кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224151

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.