Чиновниктер тоо-лыжа кластерин түзүүгө жардам берүүгө убада беришти

  17.05.13   15:48
 255

Бүгүн, 17-майда маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаментинин башкы адиси Чубак Оморов Каракол шаарында өткөрүлүп жаткан "Ысык-Көл областына инвестиция тартуу" деген тегерек столдо ведомство ишкерлердин тоо-лыжа кластерин түзүү демилгесин колдой турганын айтты.

"Кластерди түзүү мыйзамды өзгөртүүнүн ордуна айрыбаш кылып ишкер тармактын мамлекеттин, туристтердин жана жергиликтүү тургундардын алдындагы жоопкерчилигин арттырмакчы. Туризм департаменти Экономика министрлиги кластердин өкүлдөрүнүн ортосундагы биргелешкен иш-аракеттердин планын иштеп чыгууда координациялык жолугушууларды уюштуруп берүүгө даяр",- деп белгиледи Оморов.

Мындан тышкары демилгени колдой тургандыктарын Экономика министрлигинин инвестиция боюнча башкармалыгынын башкы адиси Эрмек Мамбетаипов, Караколдун мэри Рыскул Калыгулов, өкмөттүн Ысык-Көл областындагы өкүлү Мирбек Асанакунов билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн 17-майда Караколдо USAIDдин колдоосу менен өткөрүлүп жаткан "Ысык-Көл областына инвестиция тартуу" деген тегерек столдо ондон ашуун ишкерлер баасы 2 млрд. долларлык "Тоо-лыжа кластери" долбоорунун ишке киргизилип жатканын билдиришти. Аталган долбоор тиешелүү инфраструктурасы менен беш тоо лыжа комплексинин курулушун өз ичине камтыйт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224154

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.