Чоң-Алай жана Ала-Бука райондорунда болгон инцидент боюнча жыйын өттү

  17.05.13   15:53
 369

Бүгүн, 17-майда, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Чоң-Алай жана Ала-Бука райондорунда болгон инциденттер боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүк аппаратын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Жыйынга өкмөттүн күч блогунун жетекчилери, башкы прокурор Аида Саянова катышты. Өкмөт башчы аталган райондордо болгон чатактарга нааразылык билдирди.

"Мындай инциденттер жергиликтүү бийлик органдарынын чара көрбөгөндүгүнөн улам келип чыгып жатат. Акимдер эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүн ордуна эч нерсе кылбай олтурушат. Качан гана чатак күч менен тирешүүгө өткөндө алар катасын оңдой башташат. Бүгүнкү күндө алдына алуу иштерин жүргүзүү жана кандайдыр бир чатакты болтурбай коюуга бардык мүмкүнчүлүктөр бар ",-дейт өкмөт башчы.

Сатыбалдиев укук коргоо органдарына чатакты уюштуруучулардын баардык тараптарын кылмыш жообуна тартууга тапшырма берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224155

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.