Айкидо: Кыргызстандын 39 спортчусу кара кур үчүн экзамен беришти

  17.05.13   16:18
 334

Бишкекте айкидо боюнча эл аралык аттестациялык семинар жыйынтыкталды. Аны Япониядан келген Бүткүл дүйнөлүк айкидо айкикай мектебинин мастери, 6-дандын ээси Мори Томохиро өттү.

Кыргыстанданы айкидо федерациясынын президенти Гүльмиза Сейталиеванын "ВБ"га берген маалыматы боюнча , кара кур үчүн аттестациядан 40 адам өткөн. Алардын 39у – кыргызстандыктар, бирөө - Германиядан.

Семинарга Казакстан, Германия жана Кыргызстандын спортчулары катышты. Кара курдан тышкары 60 кыргызстандык биринчиден бешинчиге чейинки кю алышты.

Учурда Кыргыстанда эң жогорку болуп 4-дан эсептелет. Аны Гүльмиза Сейталиева, Шерзод Сейдалиев, Болот Исаков, Нуржанбек Акматов жана Чынгыз Кайназаровдор алышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224157

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.