Бекешев чылым акцизине оңдоо киргизүү жөнүндө айтты

  17.05.13   16:32
 301

"Чылымга карата жаңы акциз салыгы бюджетке түшчү каражатты көбөйтөт",- бул тууралуу бүгүн, 17- майда аталган мыйзам долбоорун парламенттик угууда "Ар-Намыс" фракциясынан оңдоо киргизүү боюнча демилгечи Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 2011-жылдан тартып салык төлөөнүн комбинацияланган системасы иштеп жатат, анда адвалордук жана спецификалык курамды пайдалануу жагы каралган.

"Бул мыйзам долбоору бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу, Салык кодексин жакшыртуу жана ишкерликтин субъектилеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө натыйжасын жогорулатыш максатында иштелип чыкты. Мыйзам долбооруна ылайык, 2014-жылдан тартып фильтирлүү чылымдын баасына карабай адвалордук системадан чыгаруу, ошондой эле жергиликтүү өндүрүшчү үчүн ылайык болгон деңгээлде фильтрсиз чылымдын акциздик салыгын каттоо жагы каралат",- дейт Бекешев.

Ал өкмөт жергиликтүү өндүрүшчүнү, негизинен Reemtsma компаниясын коргоону өтүнүп жатканын баса белгиледи.

Депутат сунушталган оңдоолорго ылайык 2014-жылы бюджет 1 млрд 360 млн сомго, 2015-жылы- 1 млрд 555 млн, 2016-жылы-1 млрд 750 млн сомго толукталарын айтты. Ошол эле маалда салык жыйымдары 2011-жылы 800 млн сомду түзгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224159

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.