Өкмөттүн отчетун талкуулоого комитетке эки депутат келди

  17.05.13   16:52
 310

Бүгүн, 17-майда, социалдык саясат боюнча парламенттин комитети 2012-жыл үчүн өкмөттүн отчетун кароо боюнча өзүнүн жыйынын кворумдун жоктугунан кийинкиге жылдырды.

Жыйынга өкмөттүн өкүлдөрүнөн тышкары комитет төрагасы - КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева, ошондой эле анын фракциялашы Ыргал Кадыралиева келген.

Ниязалиева партиялык съездге катышып жаткан "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Татьяна Левина ага ишеним тапшырганын айтты. Бирок Кадыралиева эки депутат өкмөттүн отчетун колдоо боюнча чечим кабыл ала албасын айтып, бул Жогорку Кеңештин регламентине туура келбесин билдирди. Ал ошондой эле атамекенчи Ташполот Балтабаев менен "Республика" фракциясынын мүчөсү Урмат Аманбаеванын келбей калганына нааразы болду.

Талкуунун жүрүшүндө комитет жыйынында өкмөттүн отчетун кароону кийинкиге жылдыруу чечими кабыл алынды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224164

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.