Ысык-Ата районунда адам өлтүргөндүгү үчүн 72 жаштагы пенсионер кармалды

  20.05.13   07:54
 290

Ысык-Ата районунда адам өлтүргөндүгү үчүн 72 жаштагы пенсионер кармалды. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү райондук милиция бөлүмүнө, Кант шаарындагы үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү фактысы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерден эксперттер каза болгон 43 жаштагы үй ээси тумчуктурулуп өлтүрүлгөндүгүн аныктышты. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

Тартип сакчыларынын иш аракетинин натыйжасында, шектүү адамды кармашты. Ал 72 жаштагы тургун болуп чыкты. Аны каза болгон жарандын жанынан көргөндөр болгон.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, кылмыш алкоголдук ичимдик ичип отурганда болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224168

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.