Жолдун каршы тарабында унаа айдаган АКШ элчилигинин айдоочусу жаза албашы мүмкүн

  20.05.13   07:57
 268

Жолдун каршы тарабында унаа айдаган АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин айдоочусу жаза албашы мүмкүн. Бул тууралуу 18-майда "ВБ"га жол кайгуул кызматынын эсеп, анализ жана профилактика боюнча башкы тескөөчүсү Болотбек Картанбаев билдирди.

Эске салсак, 17-майда күбөлөр тарабынан редакцияга маалымат келип түшкөн. Анда АКШ элчилигинин айдоочусу Айни көчөсү менен Тынчтык проспектисиндеги жол тыгындарында тургусу келбей, жолдун каршы тарабы менен унаасын айдап жөнөгөн.

"Вена конвенциясына ылайык, дипломатиялык номурлуу унааларды кароого жана тинтүүгө болбойт. Мындан улам, жол кайгуул кызматкерлери жол эрежесин бузган элчиликтин унаасын токтото алышкан жок. Эреже боюнча дипломатиялык күбөлүгү бар айдоочуларга эреже бузгандыгы үчүн кандайдыр бир чара да көрүлбөйт.Америка элчилигинин айдоочусу жазаланбайт ", деди Картанбаев.

Белгилей кетсек, окуя болгондон кийин АКШ элчилиги айдоочуга административдик чара көрүлө тургандыгын билдиришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224171

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.