Таластагы митингчилер облус калкын өздөрүнө кошулуусун үгүттөшүүдө

  20.05.13   07:58
 303

Таластагы митингчилер облус калкын өздөрүнө кошулуусун үгүттөшүүдө. Эске салсак, нааразы тарап Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы чыгышууда. Бул тууралуу 18-майда "ВБ"га митингдин уюштуруучусу жергиликтүү тургун Данияр Жаныкулов билдирди.

"Бекмолдо айылынын айрым митингчилери башка райондук башкармаларды жана айылдардын тургундарын өздөрүнө кошуу үчүн үгүттөөгө кетишти. Бизди таркады деген имиштер айтылууда, бирок бул жалган. Ачкачылык жарыялагандарды текшерүү үчүн дарыгерлер келип кетишти. Эч кандай бузууларды табышкан жок. Биздин үнүбүздү укмайынча ачкачылыкты уланта беребиз", - деди Жаныкулов.

Эске салсак, 16-майда Талас облусунда митингдин уюштуруучулары, 15 жаран ачкачылык жарыялашкан. Ошондой эле, алар бийлик талаптарды аткарбаса, Таластан Бишкекке жөө жүрүш жасай тургандыктарын билдиришкен. Нааразы тарап Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы экендиктерин айтышууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224172

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.