Бишкектик айым аз жерден зордукчунун курмандыгы боло жаздады

  20.05.13   07:59
 264

31 жаштагы Бишкектик айым аз жерден зордукчунун курмандыгы боло жаздады. Бул тууралуу борбордук ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Опер кызматкерлеринин билдирүүсүндө, айымдын үйүнө жумадан ишембиге караган түнү белгисиз жаран кирип келип, үй ээсин сабап баштаган. Айым кыйкырып жибергенде, кылмышкер качууга аргасыз болгон.

Тиешелүү органдын кызматкерлери окуяга шектүү делген жаранды изин суутпай кармашты. Ал Ысык-Көл облусунун 38 жаштагы тургуну болуп чыкты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224173

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.