9 жаштагы Лидия Видясованы өлтүргөн жаран кармалды

  20.05.13   08:02
 327

9 жаштагы Лидия Видясованы өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 18-майда "ВБ"га КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаш кызды өлтүргөнгө шектүү делген жаран 18ине караган түнү кармалган. 30 жаштагы Андрей Овсянников өз күнөөсүн мойнуна алып, кыздын жансыз денесин кайда көмгөндүгүн көрсөтүп берген.

"Ыкчам издөө иш чарасынын негизинде, милиция кызматкерлери шектүүнүн изине түшүшкөн. Кармалган жаран буга чейин бир канча жолу соттолгондугу маалым болду. Кылмышкерди Чүй облусуна караштуу Дмитриевка айылындагы өзүнүн дачасынан колго түшүрүшкөн. Анын көрсөтмөсүндө кызды дал ошол жерден өлтүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Кылмышкер жаш кыздын үйүнө келип, аны караган бала багуучусу менен спирт ичимдигин ичкендиги айкын болду. Андан кийин кызды уурдап кеткен. Издөө жүрүп жатканын билген соң, кыздан кутулууну чечкен. Айыпталуучу жаш кызды тумчуктуруп туруп, жер төлөгө көмүп салган.

Учурда кылмышкер Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга алынып келинген. ИИМден билдиришкендей, ага карата кылмыш иши козголду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224175

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.