"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзамга толуктоолор киргизилди

  20.05.13   09:21
 315

16-майда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Анын максаты - климаттын өзгөрүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерине ылайык "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын өркүндөтүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлаштыруу боюнча аракеттерди укуктук камсыздоо болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224179

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.