Кыргыстанда Санкт-Петербургда издөө салынган автоунаа табылды

  20.05.13   10:00
 305

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери буга чейин бир нече өлкөнүн чек арасын кезип өтүп, кымбат баалуу автоунааны уурдап кеткен адамды колго түшүрүштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Уурдалган машинага башка автоунаанын номери тагылып жана документтери жасалган.

Милиция 10-май күнү Аламүдүн районунун Ленин көчөсүнүн аймагынан Крыгызстандын жаранынын башкаруусунда 2012-жылы чыккан "Рэйндж Ровер" үлгүсүндөгү кара түздөгү автоунааны коло түшүрүшкөн.

Айдоочунун документтерин текшерген учурда күмөн болгон маселелер жаралгандыктан автоунаа текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн милицияга жеткирилген. Ыкчам текшерүү иштеринин натыйжасында машина Россиядан Кыргызстанга уурдалып келгендиги аныкталган.

Интерполдун улуттук борбордук бюросу автоунаа чек арада уурдалгандыгын тастыктаган. Ал аз убакыт мурун уурдалып, Россиянын милиция кызматкерлери тарабынан издөөгө алынган. Учурда териштирүү иштери башталды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224180

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.