Бишкекте "Мөңгү күүсү" фестивалы старт алды

  20.05.13   10:01
 303

Өткөн алтынчы күнү, 18-майда, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм искусство музейинде эл аралык долбоордун алкагында "Мөңгү күүсү" мультимедийдик фестиваль старт алды.

Фестиваль – заманпаб искусство Борборазиялык көргөзмөлөр, бир катар концерттер жана кино көрсөтүү сыяктуу бир нече компоненттерден турат.

Көргөзмөдө "Мөңгү күүсү" долбоорунун ачык сынагына катышкан Борбор Азиялык жаш сүрөтчүлөр ар кандай ыкмалар менен жасалган өз эмгектерин элге тартуулашты. Алардын арасында ар башка музыкалык багыттардагы мөңгүнүн "үнү", картон, мискей жана башка кол алдындагы буюмдардан жасалган мөңгүлөрдүн макеттери, мөңгү тууралуу тасмалар, фотосүрөттөр ж.б. бар. Чыгармачылык эмгектердин авторлорнунун айтымында, көргөзмөнүн негизги максаты – мөңгүнү тирүү жандык экенин элге жеткирүү. Фото жана видео материалдар аркылуу анын микрокосмосун, муздун жарылганын, анын ээрип жатканын жана суунун шуудурап аккан үндөрдү угузуу. Бул мөңгүнүн өзүнө айткан арманы.

Ал эми уюштуруучулардын билдиришинче, көргөзмөнүн дагы бир максаты – бул коомчулуктун көңүлүн мөңгүлөрдүн ээрип жаткан маселеге буруу жана табиятты сактоого үндөө.

Көргөзмө 26-майга чейин уланат. Кирүү бекер.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224181

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.