Кен байлык иштетүүчүлөрдү жергиликтүү эл менен пикир алмашууга үндөшүүдө

  20.05.13   10:51
 310

"Кен байлык өндүрүүчү компаниялар үчүн келип чыгып жаткан көйгөйлөр, элдин оюн эске албагандыктан болууда". Мындай пикирин 17- майда маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, кен өндүрүүчү компаниялар өздөрүнүн жоопкерчилигин сезүү менен коомчулукта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл.

" Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жерлерде көйгөйлүү маселелер көп деле эмес. Ал эми элдин пикирин четке кагып койгон компаниялар үчүн кыйынчылыктар жаралууда", - деди Оторбаев.

Ошондой эле ал, демократиялык коомдо маселе оңой-олтоң эле чечиле калбай тургандыгын айтты.

"Айрыкча кен байлыктарды өндүрүү маселесинде карама-каршы пикирлер дебаттар жана талкуулар жүрүп турат. Бул маселени чечүүнүн эң жакшы жолу", - деп кошумчалады вице-премьер.

Оторбаев келечекте бул тармак боюнча коомчулук жана өкмөт тез жана пайдалуу чечим кабыл алууга үйрөнөт деген ишенимин билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224183

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.