Коргоо министрлиги койгулашуу боюнча Кыргызстандын кубогуна ээ болду

  20.05.13   10:55
 328

Бишкекте күч органдарынын ортосунда койгулашуу боюнча турнир болуп өттү. Таймашка 13 команда жана 81 спортчу катышты. Байгеге кубоктон тышкары 8 комплект медаль коюлду.

Турнирде алтын медалды Акылбек Үсөнов, Юлдашали Алибеков, Субанбек Божоев, Азат Орозбаев, Нурбек Жаныбеков, Канат Сапаров, Толкунбек Эшимбетовдор жеңип алды. 100 кг салмактан жогоркулардын арасынан Куан Абдраимов татыды.

Таймаштын жыйынтыгы менен биринчи оорунга Коргоо министрлигинин командасы, экинчиге ИИМ чыкса, үчүнчү орунду УКМК ээледи.

Турнир Кыргызстандын күч органдарыны күнүнө карата уюштурулду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224184

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.