Кыргызстан жаштары КМШ өлкөлөрүнүн Дельфия оюндарына катышышат

  20.05.13   10:40
 297

Кыргызстандын курама командасы КМШ өлкөлөрүнүн "Искусстводо бол" аталыштагы жаштардын VIII Дельфия оюндарына катышышат. Ал Новосибирск шаарында 16-майдан 21не чейин өткөрүлөт.

Оюндардын уюштуруу комитетинде билдиришкендей ага 10дон 25 жашка чейин Россиянын 80 регионунан, дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн анын ичинде Австрия, Болгария, Кипр, Италия, Түркия, Азербайжан, Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан жана Украинадан 2.4 миңден ашык катышуучу катталган.

Бул жолку оюндардын программасы классикалык, улуттук жана заманбап искусствонун 28 номинациясын камтыйт. Анын ичинде театр, көркөм окуу, сүрөт тартуу, музыкалык аспаптар, академиялык ырдоо, классикалык бий, тележурналистика, фотосүрөт, веб-дизайн, диджеинг, кулинардык жана чач-тарач искусствосу, кийим дизайны ж.б. Ошондой эле программага жаштарды маданий жана чыгармачылык процесске тартууга багытталган эл аралык конференция киргизилген. Оюндардын соңунда дельфия лауреаттары гала-концерт тартуулашат.

Бул оюндарда Кыргызстандын атынан 70 катышуучу чыгышат. Оюндун жыйынтыгы менен 120 катышуучу РФтин президентинин "Талантуу жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик чаралар" Буйругу менен кабыл алынган премияга илинишет.

Маалымат үчүн

Дельфия оюндары (мурда Пифия деп аталган) биздин заманга чейин 582-жылдары Грецияда пайда болгон. Ага Олимп оюндары менен кошо 1600 жыл мурда тыюу салынып, XX кылымдын башында гана кайрадан жанданган. Дельфия огюндарынын жаңы доору 2000-жылы 27 мамлекеттин катышуусу менен Россиянын улуттук дельфия кеңеши Москва шаарында дүйнөлүк заманбап Дельфия оюндарын өткөрүлгөндөн башталып, ал бүткүл дүйнөлүк көрүнүш катары кабыл алынат. Бүгүнкү күндө Дельфия оюндарына 65тен ашык мамлекет катышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224185

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.