Депутаттар россиялык база жөнүндө келишимди өкмөттүн сунушу боюнча карайт

  20.05.13   10:59
 287

КРнын президенти өткөн жылы РФнын президенти Владимир Путин менен койгон келишиминин маалындагы кыргыз-россиялык документтерди пакетинин арасынан Кыргызстандагы Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун Кыргызстандагы Бириккен россиялык аскер базасынын (БРАБ) жайгашуусун жана статусун аныктоо боюнча келишим ратификацияланган эмес. Мындан тышкары аталган келишим күчүнө киргенге чейинки аскер тармагындагы кызматташтык боюнча протокол дагы ратификация боло элек. "Документтер Кыргызстандын өкмөтүнөн тиешелүү сунуш келип түшкөндөн кийин Жогорку Кеңеш тарабынан каралат",- деп билдирди ЖКнын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев

Бириккен россиялык аскер базасы боюнча келишим базанын жеке курамына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дипломатиялык өкүлчүлүктүн административдик-техникалык персоналы катары статус берет. Ошондой эле БРАБдын объектилерин Кыргызстандын куралдуу күчтөрү менен биргеликте республиканын эгемендиги менен коопсуздугун сактоодо пайдалануу шарттарын аныктайт. Анын ичинде эл аралык террористтик топтор тарабынан куралдуу кол салууга каршы туруу жагы да аныкталган. Россия тараптын Ысык-Көл көлүнүн акваториясындагы участокко жана жер участогуна жыл сайын 4,5 млн доллар ижара берүү да документке киргизилген.

"Ошол эле маалда гидроэнергетикалык тармактагы эки келишим тең эки тараптан бирдей ратификациялданды. Эми 2013-жылы июнь айында Кыргызстанды өтө турган кыргыз-россиялык парламенттер аралык комиссияда биз аларды ишке ашыруунун графиктерин тыкыр карап чыкмакчыбыз", -дейт Иманалиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224186

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.