Премьер Оштогу селден коргоочу каналдын курулуш иштери менен таанышты

  20.05.13   11:02
 307

18- майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ошко иш-сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөттүн иш-сапары саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгына карата анын эстелигине гүл чамбарын коюу менен башталды.

Андан соң Сатыбалдиев Өзгөн районундагы Ак-Жар айылдык аймагынын Ак-Жар айылында болуп, Кулуев атындагы мектептин курулуш иштери менен таанышты. Мектеп 320 окуучуга ылайыкташтырылып, анын курулуш иштерине 48 млн сом бөлүнгөн.

"Мектеп 1- сентябрда окуучуларды кабыл алганга даяр болуусу керек", - деп баса белгиледи премьер-министр.

Өкмө башчыны Кара-Кулжа районундагы Кара- Кочкор айылдык аймагынын Кара-Кочкор айылындагы селден коргоочу каналдын курулуш иштери дагы кызыктырды. Өткөн жылы бул иштерге 9 млн сом сарпталса, 2013-жылдын башынан бери 3,5 млн сом тартылган.

Ошондой эле Жантөрө Сатыбалдиев Кара-Кулжа дарыясынын жээгинде жүрүп жаткан жээкти бекемдөө иштери менен таанышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224187

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.