Профилдик комитет Ат-Башы ГЭСи үчүн швейцариялык грантка макул болду

  20.05.13   11:32
 299

Бүгүн, 20-майда, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Ат-Башы ГЭСин реконструкциялаш үчүн швейцариялык грант жөнүндөгү келишим долбоорун колдошту. Документти жактап депутаттардын басымдуу бөлүгү добуш берди.

Келишим шартка ылайык, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча келишимге Швейцариянын өкмөтү 24,7 млн швейцария франкын бөлүп бермекчи. Бул реконструкцияга зарыл болгон каражаттын 80 пайызын түзөт. Калган 20 пайызын кыргыз тарап мойнуна алат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224192

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.