ӨКМ техникасын жаңыртуу үчүн Түркия насыясынан 2 млн доллар суроодо

  20.05.13   11:59
 318

ӨКМ техникаларынын 40 пайызынын эскилиги жеткен. Мындай маалыматты бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков билдирди.

Анын айтымында, айрым техникалык каражаттар 30 жылдан ашык пайдаланылган.

"Буга байланыштуу биз пландагы иш-чараларды 50 пайызга гана аткарганга жетишип жатабыз. Андыктан техникаларды жакшыртуу үчүн Түркия насыясынан 2 млн доллар бөлүп берүүңүздөрдү суранып жатабыз", - деди Алимбеков.

"Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошова ӨКМда көйгөйлөр көп экендигин кошумчалады.

"Эгерде болжолдуу анализ жүргүзүү жолу менен иш алып барсаңар жакшы болмок. Бирок андай иш-чараларды силер дагы, айыл чарба министрлиги дагы жүргүзбөйт", - деди ал.

Жолдошова 2 млн доллар бөлүп белүү зарыл экендигин белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224197

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.