Премьер-министр: 2012-жылы Кыргызстанда ИДӨ 6 пайызга төмөндөдү

  20.05.13   12:01
 326

"2012-жылы Кыргызстандын ички дүң өндүрүмү (ИДӨ) 6 пайызга чейин төмөндөдү",- деп билдирди бүгүн, 20-майда, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.

Анын айтымында, өкмөт мүчөлөрүнүн, жергиликтүү администрациянын баардык аракеттерине карабай өткөн жылдын соңунда төмөндөөнү токтотууга мүмкүн болбоду жана жыл 4 пайызга төмөндөө менен жыйынтыкталды.

Ошол эле маалда министрлер кабинетинин башчысы айлык акы, пенсия жана пособиелерди өз маалында беришкенин белгилеп өттү. Мындан тышкары Сатыбалдиев 2012-жылы бюджеттин чыгашаларын 2,4 млрд сом резонанстуу кыскартуу болуп өткөнүн баса белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224198

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.