2012-жылы Кыргызстан башка мамлекеттер менен 300гө жакын документке кол койгон

  20.05.13   12:25
 328

2012-жылы Кыргызстан башка мамлекеттер менен 300гө жакын ар тараптуу документтерге кол койгон. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Жыйында эл өкүлдөрү өкмөттүн 2012-жылга болгон отчётун каршууда.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, кол коюлган документтердин – 14ү 792,8 млн доллар өлчөмүндөгү макулдашуу болуп саналат. Алардын 121,7 млн доллары – гранттык негизде, 671,12 млн доллары – насыя иретинде.

Ошондой эле Cатыбалдиев өткөн жылы Кыргызстандын тышка карызын жоюу боюнча Россия жана Турция менен сүйлөшүүлөргө кол коюлгандыгын айтып өттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224199

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.