Премьер Сары-Таш кениндеги тартипсиздикке нааразы болду

  20.05.13   12:28
 346

Өткөн ишемби, 18-майда Ош областына жасаган жумушчу иш сапарынын алкагында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Түз-Бел айылындагы Сары-Таш акиташ кенинде болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Кенди учурда 12 компания иштетип жатат.

Акиташ казып алуу процесси менен таанышып чыккан Сатыбалдиев нааразылыгын айтты. Ал кенди башаламан иштетип жатышкандарын, кандайдыр бир каттоо жок экенин белгилеп өттү. Премьер-министр мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Ишенбай Чунуевге жана жергиликтүү бийлик органдарына бир ай аралыгында аталган объектини тартипке келтирүү тапшырмасын берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224200

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.