Өкмөт башчы "Кумтөрдөгү" калдык сактоочу жайларда коркунуч жок экенин айтты

  20.05.13   12:31
 300

Бүгүн, 20-майда, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев борпоң катмардын жылышынан улам Кумтөр кениндеги калдык сактоочу жайларда коркунуч жок экенине ишендирди.

"Бул абалды болтурбаш үчүн биз бир катар иш-аракеттерди аткарууга тийишпиз. Биз мониторинг жүргүзүп жатабыз. Азырынча комиссия мага катмардын жылышынан ачык коркунуч бар деп билдиришкен жок",- дейт Сатыбалдиев.

Буга чейин белгилүү болгондой, 2-майда "Кумтөр" компаниясы кенде зор таш аралаш катмар Давыдов мөңгүсүнүн өрөөнүнө тездик менен жылып жатканын маалымдаган болчу. Бул боюнча президенттин атайын тапшырмасы менен комиссия түзүлүп абалды жеринен таанышып чыккан жана зарыл болгон чараларды кабыл алуу чечимин кабыл алышкан..

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224202

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.