Жерүй боюнча кийинки конкурста бааны 100 млн долларга арзандатууну сунушташты

  20.05.13   12:48
 299

Жерүй алтын кенине конкурс өткөрүү боюнча комиссия өкмөткө үч карама-каршы сунушту алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда, "ВБ"га "Ата-Журт" фракциясынан депутат Азамат Арапбаев маалымдады.

Анын айтымында, комиссия кезектеги жыйында Жерүй боюнча конкурстун өтпөй калганын мойнуна алды жана өкмөткө өзүнүн сунуштарын билдирди.

"Негизинен, бир катар шарттар боюнча пункттарды карап чыгуу жана кайталап конкурс жүргүзүү сунушталды. Ал эми кенге уруксат алуунун старттык баасын 300 млн доллардан 100 миллион долларга чейин азайтууну айтышты. Ошондой эле инвестордон Жерүй боюнча мүмкүн болуучу баардык соттук териштирүү жоопкерчилигин моюнга алууга милдеттендирген пунктту алып салуу жагы да айтылды. Ошондой эле айрым инвесторлор кенди өз алдынча эле иштетишибиз керек деп чыгышты",- деп айтты Арапбаев.

Эскерте кетсек, Жерүй боюнча буга чейин жарыяланган конкурс өтпөй калган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224203

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.