Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттин насыя алышынан эч кандай коркунуч көрбөйт

  20.05.13   12:58
 295

"Насыя алып жатышыбыздын эч кандай коркунучу жок",- деп билдирди бүгүн, 20- майда, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбадиев парламенттин эл аралык иштер боюнча комитеттинин жыйынында 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчетун талкуулап жаткан маалда.

"Биз төмөн пайыздык үстөк менен насыя алганда силер бизди сындап жатасыңар. Чындыгында мунун эч кандай коркунучу жок, биз жолдорду курушубуз керек, айлык акыны жогорулатууга тийишпиз. Азырынча башка жол жок. 10 жылдан кийин ушундай төмөн пайыз менен эч ким насыя бербей калат. Ошол кезге чейин биз бутка туруп жана экономиканы көтөрүшүбүз кажет. Мен түшүнүп турам, азыр Кыргызстандын карызы өсүп жатат. Бирок тышкы өз ара байланыштарды башка мамлекеттер дагы жасоодо. АКШнын тышкы карызы канча экенин карап көрүңүздөр. Бул боюнча ызы-чуу түшкөн болбойт",- дейт өкмөт башчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224204

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.