Кадамжайда 3 080 гектар жерди чегирткке каптады

  20.05.13   13:02
 305

Кадамжай районунун аймагында марокко чегиркеси пайда болду. Бул чегирткелер өтө коркунучтуу, 80 чакырым аралыкты токтобостон учуп өтүүгө жөндөмдүү болушат. Баарынан да эгиндин кайсы түрү болбосун ылгабастан жеп, зыянга учуратканы коркунуч туудурат дейт райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Бахадыр Алиев.

Аталган райондун Актурпак айылындагы 2 100, Марказдагы 600, Майдан айыл округундагы 300, Орозбековдогу 80 гектар жерге эгилген эгиндер бул чегиркелердин айынан зыянга учураган. Жалпысынан 3 080 гектар жердеги эгин аянттары зыянга дуушар болуп, бүгүнкү күндө анын 1 280 гектары дарыланды. Учурда эгин аянттарын чегиркелерден тазалоо иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224205

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.