Кыргызстанда белгилүү 3 интернет-булагы спам-чабуулуна дуушар болду

Кыргызстанда белгилүү 3 интернет-булагы спам-чабуулуна дуушар болду. Алар: "ВБ", Namba жана "Билайв" сайттары.
  20.05.13   13:24
 316

Чабуулга Link.kg интернет-дүкөнүнүн жарнамалык акциясы себеп болгон. Компания сайттарда интернет-дүкөндүн шилтемелерин бөлүшкөн колдонуучуларын сыйлоо аракетин көргөн. Ал эми жогоруда аталган 3 сайттын колдонуучулары Link.kg интернет-дүкөнүнүн шилтемелери менен бөлүшүшкөн.

Эми ал шилтемелерди тазалоо үчүн 1 айдан ашык убакыт кетет. Link.kg дүкөнүнүн администрациясы "ВБ"га мындай кырдаал болуп кетээрин күтпөгөндүгүн айтып, кечирим сураган.

"www.vb.kg – комментарий таштоо сайттын окурмандары менен маектешүүнүн эң негизги жолу. Комментарий таштоо биздин сайтта лоялдуу. Link.kg дүкөнүнүн акыркы акциясы чындыгында кыжырыбызга тийди. Бирок бул биздин техникалык кызматкерлерибиздин ишин жакшыртууга шарт түздү",- деди "ВБ"нын башкы редактору Дина Маслова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224207

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.