Жолдошова өкмөттүн аппарат кызматкерин интриган деп айыптады

  20.05.13   13:43
 257

Бүгүн, 20-майда, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошова өкмөттүн аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Самир Осмоналиевди "интрига уюштурат" деп күнөөлөдү.

Анын айтымында, өкмөттүн аппаратында тымызын жаман ниетте иш кылган адамдар болбошу керек, бирок Осмоналиев - интриган.

"Ал интригаларды уюштурат, бирок мындай болбошу керек эле. 2010-жылы Алмазбек Атамбаев интрига болбосун деген",- деп эскертти Жолдошева.

Ошондой эле парламентчи министрлер кабинетинин кадр саясатын сынга алды. Ал негизинен тышкы иштер министрлигинде таасирдүү адамдар менен чиновниктердин балдары иштерин айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224209

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.