АКШнын кыйраган учагынын кара кутусун америкалык тарапка өткөрүп беришти

Кутулар Кыргызстанда тиешелүү аппаратуранын жоктугунан улам мындан аркы изилдөөгө жөнөтүлдү
  20.05.13   14:01
 319

"Кыргызстан америкалык тарапка "Манас" аэропортунда жайгашкан Транзиттик жүк ташуу борборуна таандык КС-135 учагынын авиа катастрофасы болгон жерден табылган борттун өзүн-өзү жазуучу аппаратын өткөрүп берди",- деп билдирди бүгүн, 20-майда, "ВБ"нын интернет-редакциясына өкмөттүн булагы.

Кутулар өткөн аптада Чүй областынын Панфилов районуна караштуу Чалдыбар айылынын аймагында 3-майда болгон кырсыктан кийин табылган.

Булак кутулар Кыргызстанда тиешелүү аппаратуранын жоктугунан улам мындан аркы изилдөөгө жөнөтүлгөнүн маалымдады.

"Изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин маалымат Кыргызстандын өкмөтүнүн учактын кыйрашынын себептерин изилдеген комиссиясына жөнөтүлөт",- дейт "ВБ"нын маектеши.

Эскерте кетсек, Манас" аэропортунда жайгашкан Транзиттик жүк ташуу борборуна таандык КС-135 күйүүчү май ташуучу учагы 3-майда кырсыкка кабылган. "Манастан" Афганистанга учуп чыккан учак 6 метр бийиктиктен жарылып кеткен жана жерге күйүп түшкөн. Экипаждын үч мүчөсү курман болгон

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224210

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.