Дзюдочу Мээрим Момунова Европа Кубогунун күмүш байгесин жеңди

  20.05.13   14:04
 265

Кыргызстандан дзюдочу Мээрим Момунова айымдар жана мырзалар арасында өткөрүлгөн Европа Кубогунун күмүш байгесин утуп алды.

Мелдештин расмий сайтынын билдиргенине караганда, Момунова (63 кг) төрт беттешүү өткөрдү. Алдын ала өткөн раундда ал россиялык Мария Султанованы таза көтөрүп чапты. Андан кийин дагы бир Россиянын кызы Мария Полетундан күчтүрөөк экенин тастыктап, жарым финалга чыкты.

Финалга жолдомо ойнотулуп жатканда дагы бир баатыр кыз Анна Щербакованы 29 секундун ичинде эле "жайлап" салды. Бирок, финалдык таймашта белорусиялык Яухения Заитсавага уттуруп жиберди.

Ошондой эле бул мелдешке кыргызстандык Нагира Сарбашова да катышып, 78 килограммдан жогорку категорияда 7 орунду гана ала алды.

Мырзалар арасында ушундай эле жыйынтыкка Бектур Рысмамбетов (66 кгга чейин), тогузунчу орунда Бектур Абдрасулов (60 кгга чейин) жана Азат Кубакаев (73 кгга чейин) болушту.

Руслан Жаныбек уулу менен Адилет Ботоканов алгачкы беттештерин уттурушуп, дароо эле турнирден четтешкен.

Белгилей кетсек, Европа Кубогу 17нен 19-майга чейин Россиянын Оренбург шаарында өттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224212

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.