Сирия качкындарынын саны бир жарым миллиондон ашты

  20.05.13   14:40
 290
 

Сириядагы жарандык согуштан жан соога издеп качкандардын саны бир жарым миллиондон ашканы БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын баяндамасында айтылат.

Качкындардын үчтөн эки бөлүгү өлкөнү жыл башында эле таштап кеткендер, бул өлкөдө кырдаал кыйла бузулуп кеткенин көрсөтөт.

Маалыматтарга караганда, 473587 адам Йорданиядан баш калка тапты, 470457 - Ливанда, 347157 –Түркияда, 147464 - Иракта, 66922 - Египетте, 10052 – Түндүк Африканын башка өлкөлөрүндө жан сактоодо.

Бул мартта айында алынган көрсөткүчтөр, демек азыркы убакта качкындардын саны дагы көбөйдү. Качкындардын улам сүрүлүп келип жатканы толкунун каттоого алууга кээ бир жерде жетишпей да калышууда.

Мындан сырткары 4,25 миллион адам Сириянын өзүнүн ичинде журт которууга аргасыз болгону айтылууда.

Жарандык согушта курман болгондордун саны БУУнун маалыматы боюнча 2011-жылдан бери 80 миң адамга чыкты.

Жума күнү Human Rights Watch уюму көтөрүлүшчүлөр басып алган Ракка шаарында Сириянын коопсуздук кызматы пайдаланып келген кыйноо камералары табылганын билдирди.

Булак: Би-Би-Си Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224213

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.