Премьер "Ала-Тоо Финанстын" 200 млн сомду коротконун текшерүүгө тапшырма берди

  20.05.13   15:17
 285

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев мамлекет тарабынан жоюлган "Ала-Тоо Финанс" чакан насыя берүүчү агенттик 200 миллион сомду эмнеге коротконун текшерүүнү Эсеп палатасына тапшырганын айтты. Бул тууралуу "ВБ"га бүгүн, 20-майда, өкмөттүн аппаратынан маалымдашты.

Эскерте кетсек, чакан насыя берүүчү "Ала-Тоо Финанс" агенттиги 1 млрд сомдук насыя портфелинин 20 пайызын өз керектөөсүнө коротконун өткөн аптада, 14-майда вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирген.

Анын айтымында, бул аталган уюмдун жоюлушунун негизги себептеринин бири.

""Ала-Тоо Финанс" жумушчулар, имарат менен офистерди ижарага алуу, жаңы эмерек сатып алуу сыяктуу жеке керектөөсүнө абдан көп каржы чыгымдаган. 1 миллион сомдук насыя портфелинен 200 млн сомду сарптаган, бул 20 пайызды түзөт",- деген Оторбаев.

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо Финанс" 2012-жылы Жаштар, эмгек жана жумуштуулук министрлигинин алдында түзүлгөн. Агенттик дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берген, насыя портфели үчүн "Кумтор оперейтинг компани" жабык акционердик коому 1 млрд сом бөлгөн болчу.

Өкмөт башчы сыяктуу эле март айында парламенттин социалдык саясат комитети дагы Эсеп палатасына текшерип чыгуу тапшырмасын берген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224216

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.